Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы акыркы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 600гө чукулдады

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2023 | 294 | 0

Түркиядагы акыркы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 562ге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Алты адам каза болду. Жабыркагандардын 18инин абалы өтө оор деп бааланууда.

Эскерте кетсек, 20-февралда Хатай провинциясында жер силкинүү болгон. Учурда ал жерде издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Акыркы маалыматтарга караганда, кырсыктан 42 миң 310 адам көз жуумп, 110 миң киши жабыркады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM