Биз менен байланышыңыз

Оштогу медреседе сабалган өспүрүм боюнча муфтият үн катты

Кыска кабар | 22 Фев 2023 | 382 | 0

Муфтият Ош облусунун Ноокат районундагы Равза медресесинде окуган 12 жаштагы баланын сабалышы боюнча үн катты.

Мекеме аталган окуяга ар кандай түс берилгенин, ага байланыштуу атайын билдирүү таратууну туура көргөнүн айтып, окуя боюнча ички териштирүү ишин жүргүзүп жатканын билдирди. Ошол эле учурда, сабалган бала окуган Равза медресеси алардын карамагында эместигин белгилейт.

«Бизге белгилүү болгондой, окуя диний объектиде болгон делген маалымат чындыкка дал келбейт. Жарандарды, журналисттерди жана блогерлерди такталган маалыматтарды гана бөлүшүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Ош облустук милициясынын маалыматы боюнча, былтыр декабрь айынын башында Ноокатта 12 жаштагы бала катуу сабалып, райондогу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Аны сабаган балдар 12 жана 13 жаштагы төрт өспүрүм экени такталган. Бирок алардын жашы 14кө толбогондуктан, иш жабылган. Ошол эле учурда, алар каттоого алынып, ата-энелерине айып пул салынган.

Милиция аталган бала Равза медресесинде окуганын жана медресесинин керектүү уруксат кагаздары болбогондуктан, тиешелүү мекемелерге аны жабуу сунушу менен кайрылганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM