Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы акыркы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өстү

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2023 | 536 | 0

Түркиядагы акыркы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Андан тышкары 294 адам ар кандай жаракат алган. Алардын 18инин абалы өтө оор экени кабарланды.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-февралда Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясында эки ирет жер титиреген.

«Жер биринчи ирет Түркия убактысы боюнча саат 20:04тө силкинип, күчү 6,4 баллга жеткен, экинчи жолу саат 20:07де титиреп, күчү 5,8 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Дефне жана Самандаг аймактарында болгон», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин табият кырсыгынан Түркиянын үч жараны каза болгону кабарланган.

Эске салсак, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келген.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Бул силкинүү Сириянын Түркияга чектеш Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларын да кыйратып, чоң жоготууларга учураткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM