Биз менен байланышыңыз

Жапония Украинага 5,5 млрд доллар жардам берет

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2023 | 312 | 0

Жапония талкаланган аскердик инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн Украинага 5,5 млрд доллар өлчөмүндө жардам берет. Бул тууралуу 20-февралда өлкөнүн премьер-министри Фумио Кисида Токиодогу глобалдык форумда билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Фумио Кисида Украина президенти Владимир Зеленскийди «Чоң жетиликтин» (G7) онлайн-саммитине катышууга чакырды. Associated Press агенттиги кабарлагандай, саммит учурунда G7 өлкөлөрү Украинага көрсөтүлө турган колдоонун кийинки кадамдарын талкуулашат.

Согуш башталгандан бери Жапония Украинага 600 млн доллар өлчөмүндө каржылай жана да миллиондогон долларга гуманитардык жардам жөнөттү.

Жапония Орусияга каршы АКШ жана Евробиримдик киргизген санкцияларга кошулган. Өлкө Орусияга вакцина, медициналык жабдууларды жана роботторду жеткирүүгө тыюу салган. Мындан тышкары радиоактивдүү материалдарды, атомдук объектилердин тетиктерин, мунай жана газды чалгындоо үчүн жабдууларды берүү токтогон. Жапония орус жарандарына жана компанияларына да санкция салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM