Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Алгач Атамбаев менен Жээнбековду элдештирдим

Кыска кабар | 21 Фев 2023 | 993 | 0

Президент Садыр Жапаров мурдагы өлкө башчылар менен болгон жолугушуу тууралуу «Кабар» маалымат агенттигине маек курду.

Анын айтымына караганда, Жапаров президенттерди Дубайга чогултуудан мурда Бишкекте Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди жолуктуруп, элдештирген.

Ошондой эле Жапаров Дубайдагы жолугушууда бардык президенттер чогулары тууралуу кабарлары болбогонун ырастады.

«Экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган. Андан кийин бардык экс-президенттерди чогулттук. Албетте ар бири менен өз-өзүнчө сүйлөшүп, Дубайда жолугушабыз дегенбиз. Бири-бирине айткан жокпуз. Бул чындык. Айтсак айрымдары келбей коёт эле. Бирок бизде сыр маалыматты жашыра албайсың да. Кыргызстанда баары ачык. Арасында бардык президенттер чогулуп жатканын билип алгандар да бар экен. Ошентсе да баары келип беришти», — деди Садыр Жапаров.

Президент андан ары жолугушуудагы сүйлөшүүлөр жөнүндө айтты.

«Мен сөз баштадым: «Урматтуулар, негизги сөзгө өтөрдөн мурда сиздерге бир нерсени айтып коеюн. Кыргыз саясатчылары жалган сөздөрдү таратмай адатыбыз бар эле. Тилекке каршы, элибиз да ошондой ушактарга тез ишенип алат. Мен жөнүндө 13 жылдан бери эле «Бакиевден акча алып келип революция кылганы жатат, Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алып шайлоого барды. Экөөнө көз каранды» деген сыяктуу жалган сөздөрдү тараткандар болду. Кудайдын куттуу жери, пайгамбарыбыздын буту баскан ыйык жерде олтурабыз. Бирөөңөрдөн бир тыйын алган болсом, ушул жерден Кудай алдында айткыла», — дедим, албетте жок дешти. Кыскасын айтсам, «ушул жерде отурган баарыңыздардын алдыңарда финансылык да, саясий да карызым, милдеттенмем жок. Менин президент болушума бирөөңүздөрдүн да тиешеңиздер жок», — дедим», — деген Жапаров.

Садыр Жапаров экс-президенттерди чогултканынын себебин түшүндүргөн. Андан кийин Аскар Акаев жана башкалары сөз сүйлөгөн. Жолугушуу төрт саатка созулган.

«Сиздерди чогулткан себебим: ынтымакка алып келүү. Башчылар ынтымакка келмейинче башкалар ынтымакка келиши кыйын экен. Ошондуктан тарапташтарыңарды ынтымакка чакыргыла. Чындап келсе, мен силердин тарапташтарыңардын колдоосуна деле муктаж эмесмин. Өзүмдү колдогон 80 пайыз элдин колдоосу деле президенттик мөөнөтүм бүткөнчө жетет. Бирок калган 20 пайыз эл «баланчаевчи, түкүнчөевчи» болуп алты-жетиге бөлүнүп жүрөт. Келгиле, бир эле кыргызстандык бололу», — дедим. Менден кийинки сөздү улуулашып Аскар Акаевич улады. Андан соң баары сөз сүйлөп, «ынтымакка келели, бир муштум болуп биригели» деген демилгемди колдоп кубатташты. Баары төрт саатка жакын убакыт жакшы олтуруп, анан тарап кетишти», — деп айтылат Садыр Жапаровдун сөзүндө.

Президент Садыр Жапаров 18-февралда Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, мурдагы президенттердин башын бириктиргенин айткан. Ал өзүнө чейин өлкөнү башкарган башчылардын ар бирине карата эч кандай жеке кызыкчылыгы, жеке кусаматы жок экенин белгилеп, милдеттүү да эмес экенин кошумчалаган. Жапаров элди жана мурдагы президенттердин тарапташтарын биригүүгө чакырган. 

Copyright © 2017 Maral FM