Биз менен байланышыңыз

Дыйкандар күйүүчү майды 65 сомдон ала алат

Кыска кабар | 21 Фев 2023 | 242 | 0

Дыйкандарга күйүүчү май 65 сомдон бериле баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпы 42,1 миң тонна күйүүчү май  керектелсе, нефтебазаларда жана май куючу жайларда 25 миң тонна дизелдик отун, 20 миң тонна бензин бар.

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Red Petroleum компаниясынын ортосунда дизелдик отун сатып алуу боюнча келишимдин негизинде райондорго бөлүштүрүлүп, жазгы талаа жумуштарына 3 млн литр дизель 65 сомдон бериле баштады.

Айыл чарба министрлиги күйүүчү май алуу үчүн айыл өкмөттөргө кайрылууну эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM