Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун кеңсеси ачылат

Кыска кабар | 20 Фев 2023 | 141 | 0

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргызстанда Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун («GGGI») филиалын ачуу пландалууда. Бул тууралуу аталган институттун башкы директору Франк Рейсберман министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча келечектүү долбоорлорду жана программаларды талкуулашты.

Жыйындын катышуучулары айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга байланышкан глобалдык маселелерди чечүүдө гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү жогору өлкө катары Кыргызстандын маанилүү жана активдүү ролун белгилешти.

«Биздин өлкө 2030-жылга карата парник газдарын бөлүп чыгарууну 44%га кыскартууну максат кылууда. 2050-жылга чейин жашыл өнүгүү платформасында биз көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылабыз. Локомотив катары энергия алуунун жаңы булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика болот», — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Франк Рейсберман өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирип, үстүбүздөгү жылдын апрель айында республикада GGGI филиалын ачуу пландалып жатканын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM