Биз менен байланышыңыз

Мектептер психологго муктаж. Ага бюджеттен жылына 400 млн сом керек

Коом | 20 Фев 2023 | 363 | 0

Өлкөнүн мектептеринде штаттык психологдор жетишсиз. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Ар бир мектепте штаттык психологдун иштеши үчүн жылына 400 миллион сомдон ашык каражат керектелет. Бүгүнкү күндө психологдордун штаты Бишкектеги мектептерде гана камсыздалып, жергиликтүү бюджеттен каржыланууда. Ал эми адистер азыркы күндө ар бир мектепте психологдор штаты иш алып барышы керек деген пикирде. Себеби мектептерде психологдордун жоктугу терс кесепеттерди жаратышы мүмкүн. Буга акыркы окуялар далил. 

Бишкек шаарында жайгашкан жеке менчик мектептердин биринде психолог болуп эмгектенген Алтынай Кариева ар бир мектепке психолог штаты керек деген пикирде.

Анын айтымында, 200-300 балага бир психолог туура келет. Окуучулардын саны андан көп болсо, ошого жараша психолог штаты түзүлүшү керек.

«Бул замандын талабы болушу керек. Азыркы заман технология заманы болуп жатат. Бардык нерсе өнүгүп жатат. Мунун менен катар азыркы балдардын психологиясы башкача калыптанган. Ар бир баланын психологиясын түшүнүү үчүн жеке мамиле кылуу керек. Мугалимдер балдар менен тил табышы үчүн жардам көрсөтүү керек. Негизи эле мектептеги жылуу климатты кармоо үчүн психолог керек. Эгер бир мектепте 200-300 бала болсо, ага бир психолог туура келет. Эгер андан көп болсо, психолог жетишпейт. Мектептердеги психологдорго да сабак берип коюшат. Класс жетекчи да кылып коюшат. Андай болбойт. Психолог өзүнчө кабинетте олтуруп, кайрылган окуучуларды гана кабыл алышы керек».

Кыргызстандын мектептеринде психологдордун жетишсиздиги боюнча маселе буга чейин да көтөрүлүп келген. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, ар бир мектепте штаттык психологдун иштеши үчүн жылына 400 миллион сомдон ашык каражат керектелет.

Билим берүү жана илим министрлигинин тарбия иштери боюнча бөлүмүн жетектөөчү адиси Индира Токонова министрлик жыл сайын мектепке психологдор керек деген маселени көтөрүп, бирок каражаттын тартыштыгынан чечилбей жатканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө психологдордун штаты Бишкек шаарында гана каралган. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлдагы №336 токтомуна ылайык, билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттары бекитилген. Билим берүү уюмдарынын үлгүлүү штаттарында мектеп психологдорунун кызмат орду каралган эмес. Психологдор мектеп-интернаттарда, жетим балдар үчүн интернаттарда, балдар үйлөрүндө, психикалык жана физикалык жактан бузулган балдар үчүн интернаттарда гана стандарттуу штаттарда камсыздалып келет».

Дагы бир психолог Жакшылык Жыргалбековдун айтымында, бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы мектептерде эле психологдордун штаты бар, ал эми айылдарда дээрлик жок. Ал айылдагы мектептерде да психологдордун ишин жандандыруу керектигин кошумчалады. Ошондой эле эмне себептен ар бир мектепке психолог керек экенин төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

«Ар бир мектепке психолог керек. Себеби психологиялык ден соолук боюнча караган кызматкер болушу керек. Азыркы учурда мектептерде көптөгөн конфликттер болуп жатат. Мындан сырткары үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси, балдарга кандай мамиле кылуу керек, ушулар боюнча маалымат бере турган адистер жетишсиз. Ал эми аймактардагы мектептерде психологдор жетишпейт. Ал жакка да психолог керек. Психологдордун деңгээли, тажрыйбасы, квалификациясы каралышы керек. Ал үчүн атайын мектепке ылайыкталган даярдыктардан өтүшү керек».

Бүгүнкү күндө психологдордун штаты Бишкек шаарындагы мектептерде гана камсыздалып, жергиликтүү бюджеттен каржыланууда. Ошол эле учурда Бишкек шаарындагы 104 мектептин ичинен 83 мектепте гана психологдор бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM