Биз менен байланышыңыз

ЭлТР телеканалы «ПолитКлиника» медиасын сотко берди

Кыска кабар | 20 Фев 2023 | 412 | 0

ЭлТР телеканалы «ПолитКлиника» медиасынын үстүнөн Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылды. Бул тууралуу «ПолитКлиника» басылмасы билдирди.

Сотко кайрылууга «ПолитКлиника» медиасынын 4-февралда социалдык тармактарда жарыяланган «ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» дегени калп» аталышындагы материалы себеп болгон. ЭлТР арызында «ПолитКлиника» бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген деп билдирген.

Компания «ПолитКлиникадан» аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда.

Моралдык зыян катары телеканал соттон «ПолитКлиника» редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

4-февралда «ПолитКлиника»  ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» дегени калп» деген баштема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда басылма ЭлТРдин 31-январда чыккан «Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?» аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

8-февралда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков «ПолитКлиника» сайты журналисттик этиканы бузуп, жалган маалымат таратканын Фейсбук баракчасына жазды.

«ПолитКлиника» басылмасынын жетекчиси Дилбар Алимова такталган гана маалыматтарды чыгарышарын белгилеп, дооматтарга өз чындыктары бар экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM