Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек ара бекетинде электрондук кезек киргизилет

Кыска кабар | 20 Фев 2023 | 239 | 0

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы «Достук» жана «Дустлик» көзөмөл бекеттеринде кезекти башкаруунун электрондук системасы пилоттук режимде ишке киргизилет. Башкы максат автоунаалардын кыймылын оптималдаштыруу болуп саналат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маселе 17-18-февраль күндөрү аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда талкууланып, ага Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү, Өзбекстандын Мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү жана Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) командасы катышты.

Мындан тышкары кыргыз тарап Өзбекстанда киргизилген «Электрондук кезек» системасынын иши менен таанышты.

Белгилей кетсек, бул демилге чек арадагы электрондук кезекти башкаруу системасынын пилоттук долбоору ийгиликтүү ишке ашса, Борбор Азияда биринчи жолу болуп калат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM