Биз менен байланышыңыз

Спикер баштаган депутаттар Кореяга жөнөп кетти

Кыска кабар | 20 Фев 2023 | 194 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттык топ Кореяга расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ким Чжин Пхё баштаган жетекчилер менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана мекендештер менен да баарлашып, Кореядагы өнөр жай ишканалары менен да таанышат.

Топтун курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев, Жанарбек Акаев, Искендер Матраимов, Айбек Алтынбеков, Таалайбек Сарыбашов жана Алишер Эрбаев бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM