Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура Оштогу аскер бөлүктүн кызмат адамдарына иш козгоду

Кыска кабар | 20 Фев 2023 | 304 | 0

Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын контрчалгындоо Башкы башкармалыгы менен биргеликте Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүгүнүн биринде аскердик мүлктүн максаттуу пайдаланышына карата текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдары жалпы суммасы 2 млн 298 миң 708 сомдук ар кандай материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз коротууга жол беришкендиги аныкталды.

Бул факты боюнча Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенилип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM