Connect with us

Быйыл фермерлерге 4,5 млрд. сомдук айыл чарба техникасы лизингге берилет

Кыска кабар | 19 Фев 2023 | 739 | 2

Быйыл айыл чарба товарын өндүрүүчүлөргө лизинг аркылуу 1 500 техника берүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган долбоордун суммасы 4,5 миллиард сом, ал мамлекет тарабынан ишке ашырылат.

Ал эми былтыр 633 трактор, 64 дан комбайны, 5 кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар, 211 айыл чарба машиналары, 560 атайын техника, 5 унаа берилген. Анын баары региондорго бөлүштүрүлдү.

2022-жылдагы долбоордун суммасы үч миллиард сомго белгиленген.

2 пикир

2 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM