Биз менен байланышыңыз

1-марттан тарта ККМдин эски үлгүлөрү өчүрүлө баштайт

Кыска кабар | 19 Фев 2023 | 301 | 0

Кыргызстанда 28-февралда фискалдык модуль менен иштөө функциясы жок көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү 1-мартка чейин узартылган. Бул ККМди колдонуу бөлүгүндө салык милдеттенмелерин аткарууда ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында жасалган.

«1-марттан тартып бардык ККМ фискалдык модуль менен иштеши керек, ал эми белгиленген техникалык талаптарга жооп бербегендер (эски үлгүлөр) мажбурлоо тартибинде өчүрүлөт. ККМ колдонуудан чыгарылса кассалык чек берүү аркылуу калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берилбейт. Ал кийин административдик жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин колдонуудагы ККМди модернизациялоого же жаңылоого чакырат. Ал үчүн операторлордун тейлөө борборлоруна жана техникалык тейлөө борборлоруна кайрылуу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM