Биз менен байланышыңыз

Үч адамдын өлүмүнө шектүү жаран эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 18 Фев 2023 | 826 | 0

Эне жана эки баласын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран эки айга тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту маалымдады.

Свердлов райондук сотунун чечими менен шектүү жаран А.Ч. 16-апрелге чейин камакта болот.

Бишкек шаарынын 5-кичи районунда адам өлтүрүү фактысы катталганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлаган.

Окуя болгон жерге барган Бишкек шаардык жана Октябрь райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу кароо жүргүзгөн. Аталган даректен үч адамдын: аялдын жана анын уул-кызынын сөөгү табылган. Маркумдардын киши колдуу болгонун далилдеген манжа тактары, буюмдар алынып, соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөөнүн негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 1986-жылы туулган тургуну Ч.А. кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM