Биз менен байланышыңыз

Талас облусу жана Суусамырда жеңил унаалар үчүн каттам толук ачык

Кыска кабар | 18 Фев 2023 | 161 | 0

Бишкек-Ош унаа жолунун Суусамыр өрөөнү, Талас облусу тарапта жеңил унаалар үчүн каттам толук ачык. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Токтогул, Жалал-Абад, Ош облустары көздөй бардык унаалар үчүн кар көчкүсүнүн себебинен каттам убактылуу жабык.

«Сосновка» бекетинде жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилген.

Эскерте кетсек, Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, «Сосновка» жана «Арал» постторунда унааларга чектөө киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM