Connect with us

Чоң-Алай районунун айрым айылдарында сел жүрдү

Кыска кабар | 18 Фев 2023 | 1196 | 0

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чак жана Жаш-Тилек айылдарында суу кардан кийин сел жүрдү. Бул тууралуу райондун акими Темирболот Абыкеев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, аталаган айылдарда жайгашкан бир нече үйлөрдүн короолорун суу каптаган. Жабыркаган үйлөр жок.

Мындан сырткары Карамык, Кара-Теит жана Жекенди айылдарынын борбордук көчөлөрүндө да суу ташкындары жүрдү.

«Биздин райондо кар көп жаагандыктан арыктарга толуп калган. Сел айрым үйлөрдүн короолорун жана мал кароочу жайларын каптады», — деди райондун акими.

Учурда жеринде тиешелүү жарандык коргоо кызматтары иш алып барып, тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ал эми Ош – Чоң-Алай жолундагы каттам бүгүн эртең менен ачылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM