Connect with us

Жалал-Абадда лидер аялдардын тилектештик курултайы өттү

Кыска кабар | 18 Фев 2023 | 197 | 0

Бүгүн Жалал-Абад облусунда лидер аялдардын тилектештик курултайы өттү. Анда аялдарга карата зордук-зомбулук жана ыдык көрсөтүү, аялдардын саясий процесстерге катышуусу жана саясаттагы аларга болгон кысым, аялдардын экономикалык күчтөндүрүүсү жана аймактардагы саламаттыкты сактоо, экология сыяктуу маселелер көтөрүлүп жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Бул иш-чара облустун прогрессивдүү лидер аялдарын бир аянтчага чогултту. Курултай Жогорку Кеңешинин төрагасынын алдында түзүлгөн аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин колдоосу менен ишке ашууда.

Аялдардын тилектештик курултайынын негизги максаттары:

— өз ишинин мыктысы болгон лидер аялдардын башын бириктирүү;
— аялдарга байланыштуу коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүү;
— лидер айымдардын кызматташтыгы үчүн аянтча түзүп берүү;
— аялдардын лидерлигин, тилектештигин өнүктүрүү;
— аялдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатууга салым кошуу.

Кошумчалай кетсек, Аялдардын тилектештик курултайы 15-февралда Баткен облусунда өттү. Ал эми 25-февралда Ысык-Көл облусунда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM