Connect with us

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 39 миң 672 адамга жетти

Кыска кабар | 18 Фев 2023 | 208 | 0

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 39 миң 672 адамга жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-февралга карата Түркияда жер титирөөдөн 108 миң 68 адам жабыркады.

«Өткөн түнү Элазыг аймагында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө болду. AFAD билдиргендей, жабыркаган облустарда жер титирөө уланууда. Имараттарга кирүү кооптуу», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Кыргызстандан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан 182 куткаруучу, анын ичинен 12 фельдшер, алты дарыгер, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM