Connect with us

Өкмөттүн айрым чечимдери күчүн жоготту деп таанылды

Кыска кабар | 18 Фев 2023 | 959 | 0

Кыргызстандын өкмөтүнүн айрым чечимдери күчүн жоготту деп таанылды. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим өкмөттүн актыларын инвентаризациялоонун алкагында кабыл алынды.

Мындан улам жана «КРнын министрлер кабинети жөнүндө» Кыргызстандын конституциялык мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, төмөнкү чечимдер күчүн жоготту деп таанылды:

1) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 238 «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын райондорунун акимдеринин резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 173 «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 238 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын – облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.

Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM