Connect with us

Кар көчкүгө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун айрым бөлүктөрү жабылды

Кыска кабар | 18 Фев 2023 | 406 | 0

Кар көчкүгө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун айрым бөлүктөрү жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 18-февралында Бишкек-Ош унаа жолунун 223-231-чакырымында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 178-чакырымында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 96-107-чакырымында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 25-98-чакырымдарында кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу аталган унаа жолдордо жол каттамы жабылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 302-303-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондугуна байланыштуу өлкөнүн аймагында ар кандай кырдаалдарын өз убагында алдын алуу жана аларга ыкчам чараларды көрүү, материалдык чыгымдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында, унаа жолдордогу коопсуздукту камсыздоо үчүн, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо менен унаалар кыймылы чектелип жатат.

Ошондой эле башкармалык айдоочуларды зарыл болбосо алыскы жолдорго чыкпай турууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM