Биз менен байланышыңыз

Жер семирткичтерди ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыска кабар | 18 Фев 2023 | 184 | 0

Кыргызстандын минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү чечим Министрлер кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынды.

Аталган чечим 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине ылайык кабыл алынган.

Мындан улам Министрлер кабинети тарабынан Кыргызстандан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары (эл аралык транзитти жана Министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу чечими кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM