Биз менен байланышыңыз

Орто-Сай базарында мыйзамсыз орнотулган объекттер алынууда

Кыска кабар | 18 Фев 2023 | 224 | 0

Бишкектеги Орто-Сай базарында мыйзамсыз орнотулган объекттер алынууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жеринде мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы, «Тазалык» муниципалдык ишканасы, Октябрь райондук милициясынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иш алып барууда.

«Иштин жүрүшүндө аталган базарда жалпысынан 16 темир чатыр, 115 башаламан соода жайы, 97 жарнактык конструкция, 2 күркө жана 20 мертди түзгөн темир тосмо алынды», — деп белгилешти мэриядан.

Эскерте кетсек, буга чейин комиссия жарнамаларды жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM