Биз менен байланышыңыз

Былтыр Кыргызстан Гонконгго 202 кг алтын саткан

Кыска кабар | 18 Фев 2023 | 383 | 0

Өткөн жылы Гонконг Кыргызстандан 202 килограммдан ашык алтын импорттоп, кыргыз алтынынын негизги сатып алуучусу болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Кыргызстандан Гонконгго сатылган алтындын жалпы баасы 11 млн 979 миң 304 долларды түзгөн. Бул 1 граммы орточо 59,3 долларга барабар дегендик.

Белгилей кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин 2022-жылдын 11 айындагы соода боюнча акыркы отчетунда Гонконг тизмеге кирген эмес. Кытайга баалуу металлды экспорттоо декабрь айында ишке ашырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM