Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду

Кыска кабар | 17 Фев 2023 | 139 | 0

Жаандан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулагандыгына байланыштуу Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, «Ош шаардык суу канал» муниципалдык ишканасы эртең мененки саат 07:00дө сел түшкөн Озгур айылынын Кызыл-Кыштак тилкесинде тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.

Таза суу берилгенге чейин жарандарга ичүүчү суу жеткирилип, берилери кабарланган.

Ош шаарынын тургундары ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жаандан кийин булганса эл таза суусуз калат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM