Connect with us

Адам өлтүрүүгө шектелген жаран УКМКнын күзөт кызматында иштеген

Кыска кабар | 17 Фев 2023 | 330 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы адам өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандын Атайын кызматтын катарында качан иштегени тууралуу маалымат берди. Социалдык тармакта ал жаран УКМКда кызмат өтөгөн деген маалыматтар тараган.

«Шектүү 1986-жылы туулган А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн. Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы А.Ч.К. пенсияга эмгек стажына байланыштуу УКМКнын 9-кызматынан бошотулган», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын 5-кичи районунда адам өлтүрүү фактысы катталганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя болгон жерге барган Бишкек шаардык жана Октябрь райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу кароо жүргүздү. Аталган даректен үч адамдын: аялдын жана анын уул-кызынын сөөгү табылган. Маркумдардын киши колдуу болгонун далилдеген манжа тактары, буюмдар алынып, соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам иликтөөнүн негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 1986-жылы туулган тургуну Ч.А. кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине алып келинген. Учурда  тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM