Биз менен байланышыңыз

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда кар көчкү түшүп, жол жабылды

Кыска кабар | 17 Фев 2023 | 239 | 0

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 302-303-чакырымдарына көчкү түшүп, түнкү саат 00:30дар чамасында толугу менен тазаланып бүттү. Бирок айрым жерлерде кайрадан көчкү жүрүү коркунучу бар болгондуктан, Нарын облусунун жетекчисинин буйругу менен өзгөчө кырдаал режими киргизилип, унаа каттам 19-февралга чейин жабылды.

Жол каттамы кооптуу аймактардагы кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүп, тазалагандан кийин ачылат.

«Ага чейин айдоочулардан жана жүргүнчүлөрдөн жолго чыкпай турууну өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-февралдан 19-февралга чейин боло турган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда көчкү жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM