Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 302-303-чакырымдарына көчкү түшүп, түнкү саат 00:30дар чамасында толугу менен тазаланып бүттү. Бирок айрым жерлерде кайрадан көчкү жүрүү коркунучу бар болгондуктан, Нарын облусунун жетекчисинин буйругу менен өзгөчө кырдаал режими киргизилип, унаа каттам 19-февралга чейин жабылды.
Жол каттамы кооптуу аймактардагы кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүп, тазалагандан кийин ачылат.
«Ага чейин айдоочулардан жана жүргүнчүлөрдөн жолго чыкпай турууну өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-февралдан 19-февралга чейин боло турган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда көчкү жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен.