Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн 16,4 млн сом акчалай жардам топтоду.
Муфтият топтолгон акча бирдиктүү мамлекеттик эсепке которулганын билдирди. Анын ичинде:
- Ош шаарынын мусулмандарынын казыяты — 910 миң 200 сом
- Чүй облусунун мусулмандарынын казыяты — 1 млн 361 миң 400 сом
- Ош облусунун мусулмандарынын казыяты — 5 млн 597 миң 029 сом
- Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты — 2 млн 730 миң 446 сом
- Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты — 1 млн 506 миң 883,25 сом
- Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казыяты — 24 миң 100 сом
- Нарын облусунун мусулмандарынын казыяты — 1 млн 453 миң 615 сом
- Бишкек шаарынын мусулмандарынын казыяты — 2 млн 617 миң 621 сом.