Марал Радиосу

Түркияга жардам: Кыргызстандын муфтияты 16,4 млн сом топтоду

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн 16,4 млн сом акчалай жардам топтоду.

Муфтият топтолгон акча бирдиктүү мамлекеттик эсепке которулганын билдирди. Анын ичинде:

  • Ош шаарынын мусулмандарынын казыяты — 910 миң 200 сом
  • Чүй облусунун мусулмандарынын казыяты — 1 млн 361 миң 400 сом
  • Ош облусунун мусулмандарынын казыяты — 5 млн 597 миң 029 сом
  • Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты — 2 млн 730 миң 446 сом
  • Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты — 1 млн 506 миң 883,25 сом
  • Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казыяты — 24 миң 100 сом
  • Нарын облусунун мусулмандарынын казыяты — 1 млн 453 миң 615 сом
  • Бишкек шаарынын мусулмандарынын казыяты — 2 млн 617 миң 621 сом.

Exit mobile version