Биз менен байланышыңыз

Орусияга Кыргызстандан форель балыгын экспорттоого тыюу салындыбы? Расмий жооп

Кыска кабар | 16 Фев 2023 | 317 | 0

Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков Орусия Кыргызстандан форель балыгын жана икраларын импорттоого убактылуу тыюу салганын айтып, анын себебин сурады.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков балык тармагы жылдан жылга өсүп жатканын белгилеп, жакында Кыргызстандан алып барылган балыктан антибиотиктер табылганын айтты. Ошондуктан Россельхознадзор балыктарды импорттоого убактылуу тыюу салуу чечимин кабыл алган.

Министрликке январь айында эскертүү каты келген. Эми балык азыктарын экспорттогон 9 ишканага тыюу салынды. Ал эми башка экспорттоочу компаниялар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Аскарбек Жаныбековдун маалыматына караганда, 2022-жылдын аягына карата Кыргызстанда 292 балык чарбасы бар.

«Балык чарбалардын саны жыл сайын өсүүдө. Эгер 2021-жылы алардын саны 194 болсо, 2022-жылы 292ге жетти. Январь айында Россельхознадзордон кат алдык, алар үч чарбанын продукциясынан антибиотиктерди табышкан. Андан кийин дагы алты балык чарбанын продукциясында», — деди министр.

Copyright © 2017 Maral FM