Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Жакынкы 10 жылда демографиялык өсүш болот

Кыска кабар | 16 Фев 2023 | 312 | 0

Жакынкы он жылда демографиялык өсүш болору күтүлүүдө. Ал үчүн жылына 24 мектеп салынышы керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин 16-февралдагы жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Депутат Нурбек Алимбеков: «Быйыл өлкөдө жаңы мектеп, бала бакча курулабы?» — деген суроо берген.

Акылбек Жапаровдун айтымында, айрым гана учурларда салынат, учурда курулушу 50 пайыздан өтүп калган имараттар бүткөрүлөт. Ошондой эле жакынкы үч жылдын курулушу жүрүп жаткан 546 имарат аягына чыгарылат.

«Жакынкы он жылда демографиялык өсүш болору күтүлүп жатат. Ошол үчүн жылына 24 жаңы мектеп курулушу керек, аны да эске алып жатабыз, авариялык мектептерди быйыл бүтүрүүгө жетишпейбиз, үч жыл ичинде бүтөт, 65 мектеп авариялык абалда экени аныкталган», — деди Жапаров.

Кыргызстанда былтыр президенттин тапшырмасы менен Бишкек шаарынын аймагында республикалык бюджеттин эсебинен 15 мектеп жана кошумча окуу корпустары курулуп, пайдаланууга берилди.

Copyright © 2017 Maral FM