Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министри Түркиядагы кыйраган үйлөрдүн өзгөчөлүгүн айтты

Кыска кабар | 16 Фев 2023 | 334 | 0

Түркиядагы абал аябай оор, үйлөрдүн баары кыйрап калган. Бирок урап калган үйлөрдүн курулушунда өзгөчөлүктөр бар. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажибеков парламенттин 16-февралдагы жыйынында айтты.

«Кахраманмарашты эле ала турган болсок, тогуз үй өзүнчө кичирайон болуп салынган, анын ичинен эки үй толук урап, шагыл болуп калып жатат, төрт үй ыдырап, жарака кетип, бирок адам өмүрү сакталып калып жатат. Дагы үч үйдөн кылдай да жарака кеткен эмес. Үйлөрдүн  дубалдарынын кеңдиги 30 см ашпайт. Эң негизги көйгөй — бетондун сапатынын начардыгында болду деген ой бар», — деди министр.

Бообек Ажикеев Түркиянын расмий маалыматына таянып, бул өлкөдөгү жер титирөөлөрдө 130 имарат кыйраганын кабарлады. Акыркы маалыматтар боюнча 37 миң адам көз жумду, божомол менен айтканда, өлүм саны 120-130 миң адамга жетиши мүмкүн.

Ички иштер министри Сулейман Сойлу тирүү адамдарды издөө иштерин токтотууну тапшырган. Себеби акыркы чыгарган тирүү адамдардын ички органдары иштебей, кыймылсыз жаткандар бар.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарды куткаруу ишине Кыргызстандан 182 куткаруучу, анын ичинде 12 фельдшер, алты дарыгер, атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM