Биз менен байланышыңыз

Түркияда орусиялык куткаруучулар 150 миң доллар таап алышты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2023 | 1492 | 0

Орусиялык куткаруучулар Түркияда урандылардын арасынан 150 миң доллар таап алышты. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөөдөн кийин урандыларды тазалап жатып, орус куткаруучулары 100 долларлык купюралар салынган идиш табышкан. Идиштин ичинде жалпы саны 150 миң доллар акча болгон. Акча инвентаризациялоо үчүн аймактык милицияга өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы 8 тилкеде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдиргендей, куткаруучулар 9 күн ичинде урандылардын астында калган 5 адамды аман алып чыгып, 158 жарандын сөөгүн табышты.

Түркиядагы табигый кырсыктан курман болгондордун саны 41 миңден ашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM