Connect with us

Улуттук банк валюта базарына 35,6 млн доллар сатты

Кыска кабар | 16 Фев 2023 | 323 | 0

Улуттук банк валюта базарына интервенция жасап, бул жолу 35,6 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында маалымдалды.

Февраль айынын башынан бери Улуттук банк үч жолу интервенция жасап, 122 миллион 920 миң доллар сатты.

Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда доллардын сомго карата курсу 88 сомдун тегерегинде болууда. Улуттук банктын расмий курсу 16-февралга карата 86 сом 97 тыйын деп белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM