Биз менен байланышыңыз

Табигый антисептик: Кызылчанын жети пайдасы

Блог | 15 Фев 2023 | 1409 | 1

Кызылчаны тамак-аш катары биринчилерден болуп гректер менен римдиктер пайдаланышкан. Кызылча биздин заманга чейин 2000 жыл мурда Персия өлкөсүндө пайда болгон дешет. Алар аны жеп эле тим болбостон, дарылык касиети күч экенин байкашып, элдик медицинада да пайдаланып келишкен.

Кызылча тамырлуу, түптүү өсүмдүктөрдүн катарын толуктагандыктан, көпчүлүк анын тамырын гана сатып алышып, жалбырагын керек эмес деп ойлошот. Аныгында кызылчанын жалбырагы көптөгөн витаминдерге бай, курамында ар кандай пайдалуу минералдык заттар бар.

Кызылчанын сиз билбеген жети пайдасын сунуштайбыз:

  1. Жүрөк оорунун алдын алат 

Биринчиден, кызылча табигый антисептик. Ал көптөгөн ооруулардын алдын алуучу, микробдорду өлтүрүүчү зор касиетке ээ. Кызылчанын курамында адамга керектүү А, В1, В2, В6, В12 жана С, РР витаминдери бар. Мындан тышкары кант, кислоталар, йод, калций, калий, натрий, марганец, жез, темир сыяктуу баалуу заттарды табууга болот. Жүз грамм кызылчада 909 миллиграмм калий бар болсо, суткалык көрсөткүчкө 19,34%ы туура келет.

Кызылча адамдын бөйрөгүн тазалоо менен бирге заара чыгарууну жөнгө салып, натрийдин көлөмүн азайтып, бөйрөктөгү уулуу заттарды, туздарды жана майда таштарды сыртка чыгаруучу касиетке ээ.

Организмде натрийдин жогорку деңгээлде көбөйүшү кан басымдын көтөрүлүшүнө жана жүрөк-кан тамыр системасынын начарлашына, айыкпаган жүрөк оорусуна алып келүү коркунучу бар. Андыктан, кызылчаны бат-баттан жеп туруу организмде натрийдин бир калыпта болушуна жардам берет.

  1. Остеопороз оорусунан сактайт

Остеопороз – кальцийдин жетишсиздигинен улам сөөктүн морт болушу жана сөөктөгү клеткалардын чоңоюп кетиши. Мындай сөөк борпоң, бат сынма болуп калат. Бул оору көбүнчө улгайган адамдарда көп кездешет.

Оорунун алдын алуу үчүн кызылчаны жана калий, калций сыяктуу витаминдерге бай азыктарды жеп туруу зарыл экенин адистер эскертет.

Дагы бир кызыгы, ар дайым диета кармап, же болбосо туура тамактанып жүргөн адамда жана физикалык кыймылда болгондордо көп учурда сөөк оорусу аз кездешет.

  1. Бөйрөктө таштын пайда болушуна бөгөт коёт

Бөйрөктөгү таштар заарада кальцийдин ашыкча болушунун натыйжасында пайда болот. Жыйынтыгында калий заарадагы кальцийдин деңгээлин төмөндөтүп, бөйрөктөгү таштардын пайда болушуна жол бербейт. Изилдөөлөрдүн биринде окумуштуулар кызылчаны жана калийге бай тамактарды күн сайын жеген адамдардын бөйрөгүндө таш пайда болуу ыктымалы 35%га аз экенин аныкташкан.

  1. Жашка байланыштуу макулярдык дегенерациянын алдын алат

Айрым окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн негизинде, жашка байланыштуу макулярдык дегенерация 60 жаштан ашкандан кийин көздүн начар көрүүсүнүн негизги себеби экенин аныкташкан. Макулярдык дегенерация (AMD) — макуланын начарлашы же бузулушу болуп эсептелет. Макула — көздүн борборундагы майда торчодон турган маанилүү бөлүк. Бул бизге майда-чүйдөнүн баарын так көрүүгө, китеп окууга жана башка ушул сыяктуу иш-аракеттерди аткарууга мүмкүндүк берет.

Жүз грамм кайнатылган кызылчада 383 микрограмм А витамини, 1,81 миллиграмм Е витамини жана 24,9 миллиграмм С витамини бар. Организм дал ушул витаминдерге бай болуп, дениңиздин чыйрак болушун кааласаңыз, анда күнүнө бир ирет кызылчаны сууга кайнатып жеп турганыңыз оң. Эң башкысы, жогорудагы көз оорусунун алдын аларын унутпаңыз.

  1. Эрте бырыш түшүүдөн сактайт

Кызылча терини жайкысын Күндүн нурунан, кышкысын ызгаар сууктан сактаарын билесизби? Кызылчанын курамында терибизге эң керектүү С жана Е витаминдери бар. Мындан улам кызылча тери көйгөйү менен күрөшүүдөгү эң мыкты каражат болуп саналат. Косметолог, дерматологдордун айтымында, С витамини антиоксидант болот да, коллаген синтезинде негизги роль ойнойт. Ошондой эле Күндүн таасиринен келип чыккан эркин радикалдар, нурлар менен күрөшөт. Кызылчадагы витамин С өзгөчө таасирдүү Е витамини менен айкалышып, терини бирдей нымдуулукта кармап, кургап кетүүдөн жана эрте бырыш түшүүдөн сактайт.

  1. Тамак сиңирүүчү касиетке ээ

100 грамм кызылчада 2,9 грамм диеталык була бар. Мында тамак-аш клетчаткалары (өсүмдүк курамындагы полусахариддер же узун ичке клеткалар) ичегилерден өтүп, сууну өзүнө сиңирип, ичегилердин туура иштешин жөнгө салып, организмден ашыкча калдыктарды оңой чыгаруучу касиетке ээ. Адам эмне жебесин, баарын сиңирип, ичегилердин дайыма кыймылда болушуна шарт түзөт. Анан албетте, кызылчаны жетиштүү жеп туруу ич катуудан сактайт.

  1. Анемиянын алдын алат

Темирдин жетишсиздигинен улам аз кандуулукка чалдыккандар аябай көп. Бул оору менен көбүнчө кош бойлуу аялдар жабыркайт. Дал ушул аз кандуулукту дарылоодогу эң натыйжалуу азык — кызылча.

Кызылчанын 100 граммында 1,90 миллиграмм темир бар, бул сунушталган суткалык керектөөнүн 13,8%ын түзөт. Демек, күн сайын ашканада тамак-ашка (этти пайдаланган сыяктуу) кызылчаны да пайдаланып жеп турсак, ар кандай ооруга чалдыгуу коркунучу аз экенин дарыгерлер эскертет.

Даярдаган: Аида Омурзакова

1 пикир

1 пикир

  1. Нурсулуу

    13.01.2024 07:47

    Эн соонун маалымат Аллахым ыраазы болсун сизден

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM