Connect with us

ДССУ: Кыргызстанда балдар арасында рак оорусунун өсүшү байкалууда

Кыска кабар | 15 Фев 2023 | 415 | 0

Кыргызстанда балдар арасында рак оорусунун өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди.

Маалыматтарга ылайык, 2022-жылы 157 балада, 2021-жылы 99 балада, 2020-жылы 139 балада рак оорусу аныкталган.

Мындай маалыматтар улуттук өнөктөштөрдүн катышуусунда өткөн тегерек столдун жүрүшүндө айтылды.

«2021-жылдан тарта ДССУнун техникалык колдоосу менен Кыргызстан шишиктердин бардык эпидемиологиясына көз салууга, дарылоонун натыйжаларына, түрлөрүнө жана бейтаптардын мындан аркы тагдырына жана оорунун жыштыгына баа берүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды онкологиялык реестрге киргизе баштады», — деп билдирди ДССУдан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM