Биз менен байланышыңыз

Бишкекте каратэ-до боюнча эл аралык турнир өттү

Кыска кабар | 15 Фев 2023 | 190 | 0

Бишкектин «Газпром» спорттук-эс алуу комплексинде 10-12-февраль аралыгында WKF каратэ-до боюнча Bishkek Open-2023 XV эл аралык турнири өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты: өлкөдө каратэни жайылтуу жана өнүктүрүү, коңшу мамлекеттердин достук байланышын чыңдоо, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана машыктыруучулардын тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү болуп саналат.

Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Орусиядан келген 26 команда катышкан. Жаш курактары 5 жаштан 18 жашка чейинки жана андан улуу 800дөн ашык спортчу күчүн сынады.

Командалык эсепте турнирдин жыйынтыгы төмөндөгүдөй:

1-орун – «Кейхатсу» клубу Бишкек — 19 алтын, 13 күмүш, 37 коло медаль;
2-орун – Жамбыл облусунун командасы (Казакстан) — 15 алтын, 10 күмүш, 16 коло медаль;
3-орун – Чымкент шаарынын командасы (Казакстан) — 11 алтын, 15 күмүш, 18 коло медаль.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM