Биз менен байланышыңыз

Үйсүз калган баткендиктердин жатаканадагы жашоосу

Блог , Коом | 15 Фев 2023 | 349 | 0

Былтыр сентябрда Баткендеги куралдуу кол салуудан улам үй-жайсыз калган 28 үй-бүлө Бишкектеги №3 кесиптик лицейдин жатаканасында баш калкалап келет. Ал жакта жашагандардын көпчүлүгү көп балалуу жана турмуш-шарты оор үй-бүлөлөр.

Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургуну Мавлюда Дастанова жатакананын бир бөлмөсүндө жолдошу, беш баласы менен убактылуу жашап жаткан учуру. Чек арадагы окуяда үйү толук өрттөлгөн. Күнүмдүк тамак-ашына башка аймакта батирде турушкан эки уулу жардам берип келет. Алгач Кант шаарына келишкен. Бирок ал жерде тиричилик өткөрүү оор болгондуктан Бишкек шаарына көчүшкөн. Мавлюда айым айылын, туугандарын сагынганын, үйү бүтсө эле кетүүгө даяр экенин айтты.

«Кант шаарында жашап жатканда аябай кыйналдык. Анан сураштырып жатып, бул жатаканага келип калдым. Баткендеги үйүбүз толугу менен өрттөлгөн. Учурда мамлекет салып берип жатат. Бирок күн сууктугуна байланыштуу курулуш иштери бүтө элек. Бул жакта бир бөлмө болсо да жылуу, тамак-ашты көп жебесек да, күнүмдүк азык бар. Ошого да шүгүр кылып жатабыз. Айылымды, туугандарымды сагындым. Бирок башыбыздан өткөн күндү эстесем, айылга басып баргым келбейт. Ал күндөрдү сөз менен айтып жеткире албайм», — деп, көзүнө жаш алды.

Мавлюда Дастанованын айтымында, жатаканда жашаган 4-5 үй-бүлөнүн балдары эле мектепке барат. Калгандары шартка жараша онлайн окуп жатышат.

«Буг чейин Кантта жашап жатканда үч балам тең мектепке барып жаткан. Бишкекке көчүп келгенден бери онлайн окуп жатышат. Анткени мектеп алыс, барып-келүүгө жол кире кетет. Шаарды да билбей жатабыз».

Жатаканада жашап жаткан баткендиктер ар айылдан болсо да, кыйын кырдаал аларды бир тууган кылган.

«Бул жакта жашап жаткандар ар кайсы айылдан болсок да бир тууган болуп алдык. Кичинекей наристелерден өйдө таштап кетебиз. Бири-бирибизге көмөктөшүп, жөлөк-таяк болуп жашап келе жатабыз, анткени баарыбыздын абалыбыз бирдей. Менде жок болсо, кошуна эжеден ала коём, же мен кайра берем».

Мавлюда айым менен бирге жатаканада жашап, ал жактагыларга кем-карчын эл жана өкмөт өкүлдөрүнө жердештеринин үнүн жеткирүү үчүн шайланган Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Достук айылынын тургуну Саара Бегимкулова да алты небересин багып, балдарына кол кабыш кылууда. Кызы Орусияда, уулу өзүнчө батирде турат. Саара айымдын айтымында, Баткенден келгендерге жумуш бирде болсо, бирде болбой, карызга батып калышууда.

 

«Кыргыз элине ырахмат. Колунан келгендерин берип жатышат. Айрым депутаттар да келип жатышат. Бирок алар дайыма эле бере бербейт да. Өзүбүз аракет кылып жатабыз. Менин жалгыз уулум бар, учурда батирде турат үй-бүлөсү менен. Кечээ туулган күнү болду, барсам эч нерсеси жок. Пенсиямды алып тамак-аш алып бердим. Карызга батып кетти. Анын достору да айтып жатышат, иштейин десе жумуш жок болуп калып жатат. Кеминде төрттөн-бештен баласы барлар».

Жунусбай Саламов жана жубайы — жатаканада жашаган жаш жубайлардын бири. Буга чейин Арка айылында чарбачылык менен алектенип, үй-бүлөсүн багып келген. Баткендеги коогалаңдан кийин Бишкекте күнүмдүк жумуш менен жан багып келет. Ал эми жубайы ымыркайы менен үйдө.

«Бул жерге эч батпай койдук. Башында батирлеп жүрдүк, кыйналдык. Анан сураштырып отуруп, бул жатаканага келип калдык. Башында курулуш иштеринде жүрдүм, азыр базарда араба түртүп, күнүмдүк оокатка тыйын таап жатам. Айылдагы үйүбүз курулуп жатат. Ата-энем ошол жакта. Аларды ойлоп аябай стресс болом, анткени чек ара ачык, азыркыга чейин күзөтчүлөр турат. Бизге эч ким кепилдик бере албайт «тынч барып жашагыла» деп, кооптулугунан улам кетпей жүрөбүз. Чек араны чечип берсе эле айылыбызга кетмекпиз, азыр кетүүдөн корком, балдарым кичинекей».

Жатаканада жашагандарга жуунучу жай көйгөй жаратып келет. Себеби 28 үй-бүлө бир жуунучу жайды колдонуп, дайыма кезек күтүүгө туура келет. Ошондой эле суунун чыгуусунда да көйгөй бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM