Бүгүн, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан бошотулду. Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесине Атамбаевдин тарапташтары, жакындары чогулуп, Атамбаевдин чыгышын күтүп турушту. Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ал Батукаевдин ишинде өзүнө коюлган айыптар негизсиз экенин айтты. Ал саламаттыгы тууралуу сураган журналисттерге тез арада дарыланышы зарыл экенин, ал үчүн чет өлкөгө учуп кетерин, бирок кайра кайтып келерин билдирди.
Атамбаев экс-президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу да суроого жооп берип, анын артынан сая түшпөй турганын, жазасын Кудай берерин айтты.
Өзүнө карата ачылган калган кылмыш иштери эртеби-кечпи негизсиз экени аныкталарына ишеним билдирди.
Алмазбек Атамбаев 2019-жылдан бери абакта болчу. Жогорку Сот 13-февралдагы чечими менен кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаевге карата чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Иш кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлөт.
Атамбаевдин адвокаттары буга чейин ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо керектигин белгилеп, өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко кайрылышкан.
Батукаевдин иши боюнча мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева да айыпталып, 5 млн сом айып төлөөгө милдеттендирилген.
Алмазбек Атамбаев бардык сыйлыктарынан — II даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринен, «Даңк» медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратып, 11 жыл 2 айга камалган. Ошондой эле, анын үй мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик бардык наам-сыйлыктары артка чакыртылып алынган.
Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев эки жылга кесилип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу сот залынан бошотулган.
Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазага тартылган эмес.
Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негиз менен Нарында түрмөдө жаткан жеринен атайын коштоо менен Бишкектен «Манас» аэропортунан менчик учак менен Грозныйга учуп кеткен.
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылы кайра иликтене баштап, октябрь айында сотко өткөн.
Атамбаев абакта кармалып жатканда пневмония, жүрөк оорусу, гастрит жана башка оорулар боюнча диагноз коюлган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Атамбаевди Кыргызстандын сыртына чыгып, дарыланып келүүгө уруксат берди. Соттун токтомунда айтылгандай, бул дарылануу зарылдыгына байланыштуу. Токтомдун сүрөтү социалдык тармакка жарыяланды.