Биз менен байланышыңыз

Түркияга жардам: Атайын эсепте дээрлик 14 млн сом топтолду

Кыска кабар | 14 Фев 2023 | 265 | 0

Бүгүн, 14-февраль саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Кыргызстанда ачылган атайын эсепке 13 млн 962 603,7 сом жана 12 миң 550 рубль түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

7-февралда Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: «Айыл Банк» ААКы,

ИНН 01803199710084,

БИК 135001,

ОКПО 30597768,

Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, доллар, евро);

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»;

Ошондой эле ӨКМ түз байланышы иштеп жатат. Маалымат үчүн номерлер:

— ӨКМ —112;

— Президенттин Администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдө курман болгондордун жалпы саны 36 миңден ашты. TRT haberдин маалыматына караганда, Түркияда каза болгондордун саны 31 миң 643кө жетип, 80 миң 278 киши жабыркады. Кырсык болгон аймактан 158 миң 163 адам эвакуацияланды.

Аль-Жазиранын маалыматы боюнча, Сирияда жер титирөөдөн кийин 4614төн ашуун адам мерт кетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM