Биз менен байланышыңыз

Бишкекке келген автобустардын багыты иштелип чыкты

Кыска кабар | 14 Фев 2023 | 223 | 0

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти кытайлык Zhongtong Bus Holding Co Ltd компаниясынан Zhongtong-6105 маркасындагы 120 автобусту сатып алган.

Транспорт департаменти шаардын борборунда айланма каттамдарды жана оң экологиялык системаны түзүүнү эске алуу менен борбордук көчөлөрдү бошотуу үчүн кичиавтобустук каттамдардын кыймылы боюнча долбоор даярдады.

Учурда эки айланма автобус каттамы иштеп жатат. БЖАИ муниципалдык ишканасына таандык каттам №48 жана №35.

Эки каттамды Аламүдүн жана Ош базарлары, Батыш жана Чыгыш автобекеттери сыяктуу жүргүнчүлөрдү түзүүчү негизги секторлор байланыштырып турат.

Жаңы автобустар иштеп жаткан маршруттук линия төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

№35 автобустук каттам (Батыш автобекети – Темир жол бекети – Чыгыш автобекети) узундугу 18.2 км, аралыгы 7 мин. Күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №113 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.

№48 автобустук каттам (Батыш автобекети — Чыгыш автобекети (айланма) узундугу-18 км, аралыгы-7 мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №214 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.

№38 автобустук каттам (Аламүдүн-1 к/р. – 110 квартал) узундугу 37.4 км, интервалы – 7 мин. шаардын батыш жана чыгыш бөлүгүн камтыйт, 19 автобус бөлүнгөн.

№42 автобустук каттам (12 к/р. — Ала-Тоо ж/к) узундугу-49,6 км, аралыгы – 7 мин. шаардын түштүк жана батыш бөлүктөрүн камтыйт, күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт, 19 автобус бөлүнгөн.

№7 автобустук каттам (Аламүдүн-1 к/р — Дача Достук) узундугу 40,7 км, аралыгы 7 мин. шаардын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн камтыйт, пландык чыгуусу 20 автобусту түзөт. (Ютонг 6108).

Транспорт департаменти тарабынан ошондой эле автобус каттамдарынын жаңы кыймыл чиймелери иштелип чыккан: №31,49,50,19:

№31 автобус (Ынтымак ж/к — айланма) узундугу 34 км, аралыгы 7мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 24 автобусту түзөт. Көрсөтүлгөн автобустук каттам №101 кичиавтобустук каттамдагы 72 кичиавтобусту алмаштыра алат.

№49 автобус (Арча — Бешик ж/к – айланма) узундугу 24,2 км, аралыгы 7 мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 11 автобусту түзөт. 33 кичиавтобусту алмаштырат.

№50 автобус (Рухий – Мурас ж/к- Жилгородок) узундугу 44 км, аралыгы 7 мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт. 66 кичиавтобусту алмаштырат.

№19 автобус (Ак-Ордо ж/к – Кустанай көч.) узундугу 34 км, аралыгы 7 мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 17 автобусту түзөт. 51 кичиавтобусту алмаштырат.

Жогоруда аталган 54 бирдик санындагы автобустар 162 кичиавтобусту алмаштырат, бул шаардын экологиясына атмосферага зыяндуу чыгындылар боюнча олуттуу таасирин тийгизет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM