Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк валюта базарына 40,2 млн доллар сатты

Кыска кабар | 14 Фев 2023 | 173 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкы 13-февралда валюта базарына интервенция жасап, 40,2 миллион доллар сатты.

Бул жыл башынан бери үчүнчү жолу жасалган интервенция. Жалпысынан 2023-жылы Улуттук банк валюта рыногуна 191,57 миллион доллар сатты.

2022-жылы Улуттук банк 15 жолу интервенция жүргүзгөн, анын ичинен жети жолу доллар сатып алган. Жалпысынан 190 миллион 740 миң доллар сатылып алынган.

14-февралга карата доллардын сомго расмий курсу 86 сом 77 тыйын болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM