Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда депутат пара талап кылууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 14 Фев 2023 | 151 | 0

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештин депутаты пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмүнүн (опузалап пара талап кылуу) негизинде Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылынын тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты Ж.Ж.С. кармалган.

Кылмышка шектүү буга чейин жергиликтүү тургундарга күч колдонуп, акча, баалуу буюм-тайым өндүрүп алып турган. Буга чейин да ар кандай кылмыштар боюнча жоопко тартылып, 2021-жылдан бери кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынган.

Ал рейдерлик жол менен райондун аймагындагы айыл чарба жана балык чарба жерлерин жакындарына каттатып, кийин «ишенимдүү башкарууга өткөрүүнү» шылтоолоп өз колуна алып койгону аныкталган.

Учурда кармалган жарандын башка да кылмыштуу иштерге тиешеси бар же жогу иликтенип жатат. УКМК Ж.Ж.С.дан жабыркаган жарандар болсо, (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 номерлерине байланышып коюуну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM