Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Венгрияда архитектор Месароштун неберелерине кездешти

Кыска кабар | 14 Фев 2023 | 203 | 0

Президент Садыр Жапаров Венгриянын Будапешт шаарында айкелчи, архитектор, декоратор Ласло Месароштун неберелери Золтан, Миклош, Каталин менен жолугушту.

Кызы Марта Месароштун өтүнүчүнүн негизинде мамлекет башчысы тапшырма берип, архивдерден Ласло Месарош жана анын жубайы Вильма Ковачка тиешелүү материалдар изделген. Венгрияга иш сапарында Садыр Жапаров табылган материалдарды: Вильма Ковачтын эки үй-бүлөлүк сүрөтүн, Ласло Месароштун жети сүрөтүн, Вильма Ковачтын өлгөнү тууралуу күбөлүгүн неберелерине тапшырды. Тилекке каршы, бул жолугушууга 93 жаштагы Марта Месарош карылыгына байланыштуу келе албай калган. Ошондой эле мамлекет башчысы Месароштун неберелерине Кыргызстанга келип, бабасынын эмгектерин көрүп кетүүгө чакырды.

Ласло Месарош 1905-жылы 18-сентябрда Будапешт шаарынын чет жакасында туулган. Айкелчилик өнөр боюнча өз алдынча таалим алган. Социализм идеяларын жактоочу болгондуктан 1925-жылы алгач Москва шаарына көчүп келген. 1926-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына которулган.

Ласло Месарош Кыргызстанга алгачкылардан болуп айкелчи-бедизчилер студиясын түптөгөн. Архитектор катары эски Өкмөт үйүнүн, темир жол бекетинин, Улуттук банктын долбоорлорун чийген. 1938-жылы репрессияга кабылып, эмгек-түзөтүү лагеринде (ГУЛАГ) көз жумган. Жубайы Вильма Ковач 1942-жылы жугуштуу оорулар ооруканасында каза тапкан. Ласло Месароштун ысымы Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер аймагындагы бир көчөгө берилген, мемориалдык тактасы орнотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM