Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Венгриянын стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюлду

Кыска кабар | 14 Фев 2023 | 245 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында Будапешт шаарында Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлду.

Мындан тышкары Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу, соттук-эксперттик ишмердүүлүк жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Венгриянын Улуттук архивинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Министрлер кабинетине караштуу жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик менен Венгриянын Маалыматтарды коргоо жана маалымат эркиндиги боюнча улуттук органынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Президентке караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы жана Венгриянын мамлекеттик кызмат университети ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум,

— Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы жана Этвош Лоран атындагы Будапешт университети ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум.

Copyright © 2017 Maral FM