Connect with us

Досоновдун кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 13 Фев 2023 | 360 | 0

Жалал-Абад облусунда кримтөбөл Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири К.С. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

10-февралда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Жалал-Абад облусунун аймагынан «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири 1986-жылы туулган К.С. кармалды.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн. Кармалган жаран облустун Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жоктугун аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM