Биз менен байланышыңыз

Хирург Алмазбек Исманкулов эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 13 Фев 2023 | 688 | 0

Офтальмолог-хирург Алмазбек Исманкулов Бишкектин Октябрь райондук сотунун 12-февралдагы чечими менен 9-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы кабарлады.

Ал Бишкектин №1 тергөө абагында кармалат. Аны менен кошо айыпталган Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору Талант Рыскулбек уулу 9-апрелге чейин үй камагына чыгарылды.

Башкы прокуратуранын 10-февралдагы маалыматына караганда, Алмазбек Исманкулов менен Бишкек мэриясынын бир нече кызмат адамдары мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сомдук зыян келтиргени аныкталган.

Мэриянын тиешелүү бөлүмүнүн жетекчилиги шаардагы №6 клиникалык ооруканасынын экинчи корпусун Алмазбек Исманкулов жетектеген «Көз микрохургиясы» госпиталына ижарага беришкен.

Жеке кызыкчылыктарын көздөгөн мэриянын кызмат адамдары ооруканада орундардын жетишсиздигине, имаратты жеке тараптын пайдалануусуна берүүгө мүмкүн эмес экенине карабастан, акысын азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM