Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан барган куткаруучу, дарыгерлер Газиантепте кызмат өтөшөт

Кыска кабар | 13 Фев 2023 | 193 | 0

Кыргызстандык 50 куткаруучу, 6 дарыгер, 75 боз үй менен учак Түркиянын Газиантеп шаарына жайгашат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирди.

Элчи Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун төрагалыгы алдында өткөн куткаруу иштери жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча координациялык кеңешменин жыйынына катышты.

Ошондой эле Кахраманмараш шаарында Кыргызстан тарабынан жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү боюнча түрк тараптан координатор болуп дайындалган Кайсери облусунун губернатору Гөкмен Чичек менен жолугушту.

Мындан тышкары Сакария облусунун губернатору Четин Октай Калдырым жана Кахраманмараш шаарынын Оникишубат муниципалитетинин башчысы Ханефи Манчичек менен жолугушту.

Жабыркаган аймакта Кыргызстандан гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу жана кыргыз тарап бөлүп берген боз үйлөрдү жайгаштыруу боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

12-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 23:00гө карата Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 29 605 адамга жетип, 100 миңден ашык жабыр тарткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM