Биз менен байланышыңыз

Президенттин Будапешттеги сапары башталды (сүрөт)

Кыска кабар | 13 Фев 2023 | 592 | 0

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Будапешт шаарына барды. Мамлекет башчынын учагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду. Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди. Президентти Венгриянын Президенттик Администрациясынын башчысы Геркели Эклер тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Венгриянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, жана ошондой эле өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу жана башка расмий иш-чаралар пландалган.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM